Садыр Жапаров Бишкектеги жарнама такталарын заман талабына ылайыктап, өзгөртүүнү мэрияга ташырды

Садыр Жапаров Бишкектеги жарнама такталарын заман талабына ылайыктап, өзгөртүүнү мэрияга ташырды. Мамлекет башчы бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды.

 

Белгилеп кетсек, муниципалитет жакында эле шаардын түштүк тарабындагы магистралда лед экрандарды орноткон. Алар азырынча ишке кире элек. Бишкек көчөлөрүндөгү жарнама такталары жол кыймылына тоскоолдук кылары айтылып, бир катар борбордук көчөлөрдөн алынган.