Сел алып кеткен Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолу унаа каттамдары үчүн ачык

Сел алып кеткен Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолу унаа каттамдары үчүн ачык.

 

Жергиликтүү бийликтен кабарлашкандай, нөшөрлөгөн жаандан улам кокту-колоттон чогулган кыян суулары сайга топтолуп, Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 35-36-чакырымындагы убактылуу жолдун бетон шакекчелерин агызып, жолду жараксыз абалга алып келген.

 

Жерине техника тартылып, убактылуу жолдун 300 метр жери жабылган. Ал эми унаа каттамдар ремонт жүрүп жаткан негизги жол аркылуу тоскоолдуксуз өтүүдө.