Кыргызстанда дарыгерлердин айлыгы 50%га көтөрүлөт

Сентябрдан тарта Кыргызстанда дарыгерлердин айлыгы 50%га көтөрүлөт. Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Медербек Исмаилов билдиргендей, медайымдардын маянасы 20%, кенже медициналык кызматкерлердин айлыгы 10% жогорулайт.

 

Белгиленгендей, учурда бул маселе боюнча президенттин жарлыгы даярдалып жатат.

 

Исмаилов кошумчалагандай, 1-июлдан тарта айрым категориядагы дарыгерлерге 20 миң сомдон үстөк акы берилет, — деп жазды Акипресс.