Синоптиктер июнь айында кыргызстандыктарды кандай аба ырайы күтөрүн айтып беришти

Синоптиктер июнь айында кыргызстандыктарды кандай аба ырайы күтөрүн айтып беришти. Кыргызгидромет билдиргендей, өлкөнүн түндүк аймактарында абанын температурасы күндүз 35 градуска жетип, түнкүсүн 12 градустан төмөндөбөйт.

 

Өлкөнүн түштүгүндө аба табы күндүз 36, түнкүсүн 23 градуска чейин көтөрүлөт.

 

Жаан-чачындын июнь айындагы көлөмү нормадан аз же жакын болушу күтүлөт.