Соңку аптада автоунааны мас абалда айдаган 300дөй айдоочу кармалды

Кыргызстандын аймагында 20-майдан 26-майга чейинки аралыкта 21 миң 128 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу 27-майда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы маалымдады.

 

Анын ичинде тийиштүү документтери жок автоунаа башкаргандар 338, мас абалында унаа башкаргандар 275, автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткандар 79.

 

Мындан сырткары жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар 737, транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуулар 3 408, ээнбаштык фактылары 26, белгиленген ылдамдыктан ашуу фактылары 4 316 жана жалган мамлекеттик номур менен унаа башкаруу фактылары 6. Башка жол эрежелерин бузуу фактылары 11 943 учур.

 

Бул эреже бузуулардын ичинен 1 560 автоунаа ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу айып короосуна киргизилген.

Укук коргоо органдары, анын ичинде жол тескөөчүлөр 25-май мектептеги бүтүрүү күнүнө байланыштуу узаган аптада күчөтүлгөн тартипте иштеди.

Кыргызстанда 2023-жылы 6 945 жол кырсыгы катталып, андан 783 адам каза болгон. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп.