Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тарта май куюу станцияларында мунай затты автоматтык эсептөө системасы ишке кирет

Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тарта май куюу станцияларында мунай затты автоматтык эсептөө системасы ишке кирет. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, күйүүчү майды кассалык аппараттар болгон учурда гана сатууга болот.

 

Төлөө фактысы катталып, чек берилбесе, бензин же дизелдик отунду куюу мүмкүн эмес. Мындай чара күйүүчү-майлоочу материалдын жүгүртүүсүн көзөмөлгө алуу үчүн киргизилет.