Сузакта келин эки баласы менен иске ууланып, каза тапты. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондун акими Эрмек Омошев билдирди. Маалыматка ылайык, балдары 7 жана 5 жашта болгон. Атасы Россияда мигрант.
Жергиликтүү бийлик 3 адам каза болгон үй-бүлөгө материалдык жардам берүүнү караштырып жатат. Адистер иске ууланбаш үчүн мештин морун улам тазалап турууну сунуштайт.