Түндө 50 адам коменданттык саатты бузуп, жети автоунаа токтотулду

10-апрелге караган түнү Кыргызстандын өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык саат режимин 50 адам бузган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

 

Маалыматка ылайык, жети автоунаа айып короого киргизилген.

 

Коменданттык сааттын эрежеси боюнча Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондорунда кечки 8.00дөн эртең мененки саат 7.00гө чейин көчөдө жүрүүгө тыюу салынат.

 

Кечээ коменданттык сааттын талаптарын бузгандар төмөнкү жерлерде катталды:

  • Бишкек шаарында — 37;
  • Ош шаарында — 2;
  • Жалал-Абад шаарында — 4,
  • Сузак районунда — 3,
  • Кара-Суу районунда — 3.
  • Ноокатта — 1.