Түндүк – Түштүк альтернативалык унаа жолунун курулушу кийинки жылдын соңунда аяктайт.
Бул тууралуу Унаа жана жолдор министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев билдирди.
Анын айтымында, иштер 3 фазага бөлүнгөн. Биринчи жана экинчи этаптарда курулуш иштери
татаал рельеф боюнча жүрөт. Ошондой эле долбоорго техникалык өзгөртүүлөрдү
киргизүүгө байланыштуу туннелди куруу иштери кечиктирилет.