Түп районундагы бардык мектептер офлайн режимде билим берүүгө өттү

Түп районундагы бардык мектептер офлайн режимде билим берүүгө өттү.

Мындай чечим райондук штабда кабыл алынды, — деп билдиришти район башкармалыгынан.

Маалыматка ылайык, ушул дүйшөмбүдөн тартып 35 мектеп иштеп баштады.

Андан тышкары, 6 бала бакча ишин жандантты.