Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 56 миллион доллар бөлөт

Азия өнүктүрүү банкы Чолпон-Ата шаарындагы канализация жана тазалоочу жайларды курууга 56 миллион доллар бөлөт. Архитектура, курулуш жана турак жай-комуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, тиешелүү протоколго кол коюлду.   Белгиленгендей, каражаттын бир бөлүгү насыя, калганы гранттык негизде берилет. Анын алкагында Чолпон-Атада саркынды сууларды тазалоочу жай жана… Кененирээк…

Бала-Саруу ГЭСинин үч агрегаты тең май айында ишке кирет

Бала-Саруу ГЭСинин үч агрегаты тең 17-майда ишке кирет. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.   Таластагы ГЭС Киров суу сактагычынын ушул кезге чейин пайдаланылбай келген ресурстарын эффективдүү колдонууга мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.   Эске салсак, Киров суу сактагычындагы ГЭСтин кубаттуулугу 25 мегаватты түзөт. Ал… Кененирээк…

Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 79 миллион доллар бөлөт

Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 79 миллион доллар бөлөт. Макулдашууга министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жана эл аралык банктын президенти Мухаммад Сулайман Аль-Жасир кол коюшту.   Каражат “Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо” долбоорунун алкагында берилет.   Белгилеп кетсек, министрлер кабинетинин төрагасынын… Кененирээк…

Кыргызстанда доллардын куну түшүүдө

Кыргызстанда доллардын куну түшүүдө.   Улуттук банк 26-апрелге карата 1 доллардын расмий курсун 88,84 сом деңгээлинде бекитип, курс 0,01%га төмөндөдү. Евро 95,28 сом, рубль 96 тыйын, теңге 20 тыйындан сатылууда.   Ал эми коммерциялык банктарда доллар 89,53 сомдон сатылып, 88,70 сомдон сатып алынууда. Финансылык жөнгө… Кененирээк…

Кытайлык компания Нарында унаа чогулткан завод курууну пландоодо

Кытайлык компания Нарында унаа чогулткан завод курууну пландоодо. Тиешелүү меморандумга кол коюлганын президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Учурда Кочкор, Нарын, Ат-Башы райондорунан ишкана курууга ылайыктуу жер каралууда. План ишке ашса Кыргызстандын бренди, белгилери менен ар түрдүү (бензин, электр энергиясы, газ менен жүргөн) машинелер куралып чыга… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта салык органдары түн ортосуна чейин иштейт

Бүгүнтөн тарта 30-апрелге чейин салык органдары түн ортосуна дейре иштейт.   Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, иштөө убактысын узартуу чечими салык декларациясын кабыл алуу боюнча натыйжалуу өнөктүк жүргүзүү үчүн кабыл алынды. Ага ылайык, документтер иш күндөрү жана дем алышта эртең мененки саат 9дан түнкү 12ге чейин… Кененирээк…

Жыл башынан бери 3 миңден ашык дыйканга жеңилдетилген насыя берилди

Ушул жылдын 22-апрелине карата “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында дыйкан-фермерлерге 1 млрд 244 млн 836 миң сомго 3024 насыя берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.   Насыялар эки категория боюнча берилүүдө.   Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы… Кененирээк…

Улуттук банк төртүнчү ирет тескери интервенция жасады

Улуттук банк валюта базарынан 25 млн 850 миң доллар сатып алды. Маалымат өлкөнүн башкы каржы мекемесинин расмий сайтында жарыяланды.   Бул жыл башынан берки төртүнчү тескери интервенция.   Белгилеп кетсек, аталган каржылык операция валюта курсунун кескин серпилүүсүн алдын алууга багытталат.

Талас облусуна Голландиядан төө буурчактын жаңы сорту алып келинди

Талас облусуна Голландиядан төө буурчактын жаңы сорту алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.   Белгилүү болгондой, Таластын дыйкандары негизинен төө буурчак өстүрүү менен алектенишет, бирок акыркы 30 жылдан бери сорт жаңыланбай, түшүмдүүлүк жана продукциянын сапаты төмөндөп… Кененирээк…

Баткен облусунда бензинди өндүрүү боюнча ири завод курулуп жатат

Баткен облусунда бензинди өндүрүү боюнча ири завод курулуп жатат. Бул тууралуу Кабар агенттиги президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнө шилтеме келтирип билдирет.   Объект Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында пайда болот. Заводдо 92- жана 95-үлгүдөгү бензин, дизелдик отун, битум, газ жана унаа үчүн май өндүрүү пландалууда. Ишкана күнүнө 500… Кененирээк…