Ташкент-Тамчы аба каттамы жанданды

коом

Өзбекстандын борбору Ташкент шаарынан Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Тамчы аэропортуна учак каттамы жанданды. Тамчыга Ташкенттен 50 жүргүнчү учуп келгенин «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

 

Аба каттамы аптасына үч жолу: шейшемби, бейшемби жана жекшемби күндөрү жүргүзүлөт.

 

Ташкент-Тамчы багытында учуу убактысы эки саатты түзөт.