Татарстандын бизнес-делегациясы Кыргызстанга иш сапары менен келет

Татарстандын бизнес-делегациясы Кыргызстанга иш сапары менен келе турганын Экономика министрлиги кабарлады.

 

Мекеме 17-20 майда Казань шаарында өтө турчу «Россия-Ислам дүйнөсү: Казань форуму — 2024» XV эл аралык экономикалык форумуна даярдыктын алкагында жолугушуу өткөрүлгөнүн билдирди.
Ага Казандагы башкы консул, Айыл чарба министрлигинин, Улуттук инвестициялык агенттиктин, Соода-өнөр жай палатасынын, Туризм департаментинин, Халал индустриясын өнүктүрүү борборунун, «Кыргыз экспорт» мамлекеттик мекемесинин жана башка кызматтын адистери катышкан.
Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөгө Татарстандын бизнес-делегациясынын өкүлдөрү келе турганы, ошондой эле дагы 50дөн ашык өлкөнүн делегациялары менен Кыргызстандын ортосунда байланыш түзүү мүмкүнчүлүгү болору айтылган.
Жыйынтыгында 2024-2026-жылдарга эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун Жол картасын иштеп чыгуу макулдашылган.
Аталган форум Россия Федерациясы менен Ислам мамлекеттеринин ортосундагы экономикалык өз ара кызматташтыктын негизги платформасы болуп саналат. Форум биринчи жолу 2009-жылы өткөрүлгөн. 15 жылдан бери өзүн актуалдуу маселелерди талкуулоо, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, инвестициялык потенциалды көрсөтүү жана россиялык компаниялар менен ислам өлкөлөрүнүн ортосундагы ишкердик байланыштарды чыңдоо боюнча алдыңкы аянтча катары көрсөтүп келет.