Терезелери караңгылатылган унаалардан түшкөн каражаттын жарымын Камбар-Ата — 1 ГЭСине жумшоо пландалууда.
Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Эгерде депутаттар буга уруксат берсе, жарымын майыптар үчүн электр коляскаларын сатып алууга, дагы бир бөлүгүн Камбар-Ата — 1 ГЭСине жумшайбыз, — деди аткаминер.
Белгилеп кетсек, Кыргызстанда 1 миллион 400 миңдей унаа бар. Ал эми терезелерди 30 миң сомдон 50 миң сомго чейин караңгылатууга уруксат берүү сунушталууда.