Тогуз коргоол боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү

Бишкек шаарында тогуз коргоол боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 8-15-июнь күндөрү орун алып, ага республиканын бардык аймактарынан келген 100 ашык спортчу катышты.

 

Тогуз коргоол оюнун “стандарт” түрүнөн жеңишке жетишкен спортчулар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышса, “рапид” түрүндө жеңүүчүлөр Дүйнө чемпионатына катышканга мүмкүнчүлүк алат.