Твиттердин башкы директору Жек Дорси кызматтан кетет

«Твиттер» компаниясынын башкы директору Жек Дорси кызматынан

кетип жатканын америкалык CNBC телекмопаниясы билдирди.

Бул маалыматты Reuters агенттиги өз булактарына таянып тастыктады. Директорлор

кеңеши бул чечимге былтыртан бери даярданып, мураскердин талапкерлигин

Дорси менен макулдашканы айтылууда. Жек Дорси Твиттерден тышкары,

Square электрондук төлөмдөрдү иштетүүчү компанияны да жетектейт. 2020-жылы

Elliott Management инвестициялык башкаруу компаниясынын негиздөөчүсү

Пол Сингер аны бир эле учурда эки компанияны жетектебеши керектигин айткан.