Улуттук банктын алтын валюта резервинин көлөмү майдын аягына карата   3 миллиард 718 миллион доллар деп бааланды

Улуттук банктын алтын валюта резервинин көлөмү майдын аягына карата   3 миллиард 718 миллион доллар деп бааланды.

 

Өлкөнүн башкы каржы мекемесинин маалыматына ылайык, бир айда сумма 61,7 миллионго өскөн. 2023-жылдын май айына салыштырмалуу резервдер 1 миллиард 310 миллионго көбөйгөн. Бул көрсөткүч тарыхта рекорддук болуп саналат.

 

Белгилеп кетсек, май айында Улуттук банк эки жолу чет элдик валюта сатып алган.