Ысык-Көл облусунда селдин кесепетин тазалоо уланууда

Ысык-Көл облусунда селдин кесепетин тазалоо уланууда. Эске салсак, кечээ аймакта жааган катуу жаан-чачын сел жүрүүгө алып келди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, суу ташкыны Тоң районундагы Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун бир бөлүгүн жууп кетти.

 

Жеринде тартылган видео социалдык тармактарда жарыяланды.

 

Анда ылай аралаш масса жолдо кадимки сайдай агып жатканын көрсө болот. Жарандык коргонуу комиссиясы келтирилген зыянды тактап жатат.