Ысык-Көлдө туристтик сезон тынч өтүүдө

Ысык-Көлдө туристтик сезон тынч өтүүдө. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, жеринде 1000ден ашуун милиция кызматкери иштеп жатат.

 

Коопсуздукту камсыздоого Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери, атайын багыттагы полктун кызматкерлери жана күзөт кызматкерлери да тартылган.

 

Эс алуучулардын агымы күн сайын көбөйүп жатканы белгиленет. Резонанстуу жагдайлар жана кылмыштар катталган жок.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.