Өзбекстан жана Кыргызстан ортосундагы автобус каттамдарынын жанданышы күтүлүүдө

Өзбекстан жана Кыргызстан ортосундагы автобус каттамдарынын жанданышы күтүлүүдө.

Рейстерди жандантуу маселеси премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков жана

Өзбекстандын инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков ортосунда талкууланды.

Бирок автобус менен жарандар качантан баштап жүрө баштаса болот, так айтыла элек.

Эске салсак, эки өлкө ортосундагы автобус каттамы пандемияга байланыштуу мартта токтотулган.

Ал эми өзбек-кыргыз чек арасынан өтүү 1-сентябрда калыбына келсе, аба жолдор 14-сентябрда жанданды