Өзгөчө абал киргизилген аймактарда такси кызматтарынын ишине чектөө киргизилет

Өзгөчө абал киргизилген аймактарда такси кызматтарынын ишине чектөө киргизилет. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдирди. Чиновник белгилегендей, коменданттык саат учурунда кыймылды болушунча чектөө үчүн такси кызматтарынын да ишине тыюу салынат.

 

Ал эми транзиттик жүк ташып бара жаткан унаалар Бишкек шаарына кирбей айланып өтүшү керек.

 

Белгилеп кетсек, бүгүнтөн тарта Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал режими иштей баштайт. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган дагы 26 адам аныкталып, жалпы жонунан 42 кишиге жетти.