Жөлөк пул алуу үчүн документ чогултуу жеңилдеп, кээ бир маалым каттар автоматташтырылды

Жөлөк пул алуу үчүн документ чогултуу жеңилдеп, кээ бир маалым каттар автоматташтырылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

 

“Санарип аймак” сервиси министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө социалдык төлөмдөрдү дайындоого кайрылган жарандардын катталган жери жана үй-бүлө курамы тууралуу маалым катты ыкчам алууга шарт түздү. Мындай маалым каттар мурда жергиликтүү бийлик тарабынан берилип келген.

 

Ал эми учурда документ бирдиктүү базада камтылат.