Жайкы Олимпиада оюндары бир жылга жылдырылды. Бул тууралуу РИА Новости Токионун губернаторуна шилтеме берип жазды. Тарыхта биринчи ирет ири спорттук иш-чаранын мөөнөтү өзгөрмөй болду.
Буга чейин Австралия, Канада жана Улуу Британия быйыл Олимпиадага катышпай турганын жарыялаган. Олимпиада оюндары июль-августка белгиленген. Ага катышууга жолдомону 5 кыргызстандык спортчу утуп алган.