Жалал-Абад мектептерине жаңы китептер тапшырылды.
Калаа мэриясынан билдиришкендей, Россиянын Оштогу илим жана
маданият борбору билим берүү мекемелериндеги педагогдорго
1 миң 813 окуу куралын ыйгарды. Китептерди тапшыруу иш-чарасы
Бабкин атындагы орто мектепте өттү. Колдонмолор күздө
Жалал-Абад шаарындагы бардык мектептерге бөлүштүрүлөт.