Жалал-Абад облусуна алгачкы сапаттуу үрөн жеткириле баштады

Жалал-Абад облусуна алгачкы сапаттуу үрөн жеткириле баштады. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, кечээ Сузак, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондоруна жалпы 150 тонна арпа үрөнү алынып келинди.

 

Маалыматка ылайык, товар кезекке турган дыйкандардын керектөөлөрүнө ылайык бөлүштүрүлүп, эки жылдык мөөнөт менен насыяга берилет.