Жалпы республикалык тестирлөөнүн үчүнчү этабынын жыйынтыгы менен дагы эки абитуриент “Алтын сертификат” алат

Жалпы республикалык тестирлөөнүн үчүнчү этабынын жыйынтыгы менен дагы эки абитуриент “Алтын сертификат” алат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, 231 баллды Ош облусунун Купуев атындагы академиянын бүтүрүүчүсү Абдумалик Турсунов алды.

 

Өткөн жылы №70 мектеп-гимназияны аяктаган Айчүрөк Ишенбекова 225 упай топтоду.

 

Эске салсак, Жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги этабынын жыйынтыгы менен 56 абитуриент эң жогорку баллдарды алышты.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.