Жогорку Кеңештин жаңы депутаттары ант беришет. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Эртең, 29-декабрь саат 11:00дө парламент имаратында Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген депутаттардын ант берүү аземи өтөт.
Парламенттик шайлоо 29-ноябрда өткөн.