Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун I туру 15-июлда башталат

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун I туру 15-июлда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

 

ЖОЖдорго гранттык негизде жана келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылды.

 

Белгилеп кетсек, университеттерге босого баллдан жогорку же бирдей балл алган абитуриенттер гана окуй алат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.