Жума аягына чейин Кыргызстанга Өзбекстандан “Гепарин” препаратынын 30 миң кутусу жеткирилет

Жума аягына чейин Кыргызстанга Өзбекстандан “Гепарин” препаратынын 30 миң кутусу жеткирилет. Премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, сүйлөшүүлөр ошондой эле Индия, Иран, Пакистан жана башка КМШ өлкөлөрү менен жүргүзүлүүдө.

 

Учурда Кыргызстан дарыканаларында калбай калган препараттардын 3-4 позициясы жакынкы арада Ирандан жеткирилет.

 

Белгилеп кетсек, ковид жана пневмония күч алгандан бери медицина кызматкерлеринин жана препараттарынын жетишсиздиги курч болууда.