11-апрелде 448 жергиликтүү кеңеште шайлоо өтөт

11-апрелде 448 жергиликтүү кеңеште шайлоо өтөт.

Анын 28и шаардык жана 420сы айылдык. БШКдан шайлоо өнөктүгү качан башталаарын айтып беришти.

Такталгандай, башталуу мөөнөтү ар түрдүү. Шаардык кеңешке аттанган партиялар үчүн кампания

12-мартта старт алса, ал эми айылдык кеңештеги шайлоого катыша турган бир мандаттуу

талапкерлер үчүн 22-мартта башталат. Үгүттөө иштери 10-апрелде таңкы саат 8де токтотулат.

БШКдан эскертишкендей, аймактык шайлоо комиссиясына партиялардан жана бир

мандаттуулардан билдирүүлөрдү кабыл алуу 1 жана 11-мартта токтотулат.