15-октябрдан тартып электр энергиясы жана жылуулук үчүн белгиленген тарифтер жарыяланды

Энергетика министрлиги 15-октябрдан тартып электр энергиясы жана жылуулук үчүн

белгиленген тарифтерди жарыялады. Министрлер кабинети бекиткен документке ылайык,

калк 700 кВт саатка чейинки электр энергиясы үчүн 77 тыйындан, андан ашса, 2 сом 16 тыйындан төлөйт.

Бийик тоолуу жана шарты катаал аймактарда жашагандар керектөөнүн көлөмүнө карабай,

77 тыйындан төлөйт. Мекеме-уюмдар, ишканалар, компаниялар үчүн тариф 1 сом 68 тыйындан

5 сом 4 тыйынга чейин бааланат. Ал эми жылуулук жана ысык суу үчүн калк учурдагы эле

баага ылайык төлөйт. Башка керектөөчүлөр үчүн 1 гигакалория 1 миң 802 сомдон туура келет.