Россиянын ири электр компаниясы Кыргызстандагы эки долбоорго кызыкдар

Россиянын ири электр компаниясы Кыргызстандагы эки долбоорго кызыкдар. Бул тууралуу “Интер РАО” энергетикалык компаниясынын төрөгасы Дмитрий Волков билдирди. Кеп, “Камбар-Ата ГЭС-2” долбоорун ишке ашыруу тууралуу болуп жатат.   Ошондой эле “Үч-Коргон ГЭСин карап жатабыз. Бардыгы кыргыз тараптын позициясынан көз каранды”, — деди Волков. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Өзбекстандын чек арачылары чек араны мыйзамсыз өтүү үчүн 13 кыргызстандыкты кармады

Өзбекстандын чек арачылары чек араны мыйзамсыз өтүү үчүн 13 кыргызстандыкты кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Окуя бүгүн эртең менен Кадамжай районунун Чекелик айылында  болду.   Биздин жарандар бул жерге Талас облусунан келип, билбей эле чек арадан өтүп алышкан. Учурда өзбек тарап менен… Кененирээк…

Түштүк Кореяда Кыргызстанда саякаттоо тууралуу жарнамалык фильм көрсөтүлөт

Түштүк Кореяда Кыргызстанда саякаттоо тууралуу жарнамалык фильм көрсөтүлөт. Бул тууралуу Туризм департаментинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 50 мүнөттүк ролик кореялык телеканалда көрсөтүлөт. Роликте Кыргызстандын маданияты жана туристтик потенциалы тууралуу баяндалат.

Жоламан Шаршенбеков Азия чемпионатынын чейрек финалына өттү

Жоламан Шаршенбеков Азия чемпионатынын чейрек финалына өттү. Грек-рим күрөшү боюнча балбан казакстандык Айдос Султангали менен күрөшүп, аны 7:6 эсебинде утуп алды. Эске салсак, Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан биринчиликте Кыргызстандын эсебинде 1 күмүш жана 2 коло байге бар. Ал 23-февралда жыйынтыкталат.

Бишкектин мектеп жана бала бакчаларына пандустар орнотулат

Бишкектин мектеп жана бала бакчаларына пандустар орнотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, алар шаардын 51 билим берүү мекемесинде жана 37 бала бакчада пайда болуп, 4 районго  бөлүштүрүлөт. Ал эми пандустарды орнотууга шаардык бюджеттен 4,5 миллион сом каралды.

“Боруссия” “ПСЖны” 2:1 эсебинде утуп алды

“Боруссия” “ПСЖны” 2:1 эсебинде утуп алды. Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын жарым чейрек финалында беттештин 69-77-мүнөттөрүндө «Боруссиянын” оюнчусу Холанд 2 жолу гол тепти. Ал эми «ПСЖ» команданын чабуулчусу Неймар оюндун 75-мүнөтүндө өзүнүн командасына жалгыз голду киргизип берди. Эми 2 команданын жоопту беттеши 12-мартта өтөт.

Депутаттар Жогорку соттун судьясын иштен бошотууга макулдугун беришти

Депутаттар Жогорку соттун судьясы Нургүл Сатыбалдиеваны иштен бошотууга макулдугун беришти. Жалпы жыйындын күн тартибинде 100 депутаттын 78и макул болушту. Кошумчаласак, Сатыбалдиева өз каалоосу менен иштен бошотууга арыз жазган. Жогорку сотко чейин ал Бишкек шаардык сотунда иштеген.

Ички иштер министрлигинде күзөт кызматы пайда болду

Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын аталышы Күзөт кызматы деп өзгөртүлдү. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевкол койду. Өзгөртүү киргизүү жашоо күзөтүн камсыздоо боюнча ички иштер органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бишкек ЖЭБинин кызматкеринин абалы канааттандыраарлык

Бишкек ЖЭБинин кызматкеринин абалы канааттандыраарлык. Бул тууралуу «Азаттыкка» «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматында, бейтаптын абалы жакшы. Учурда Травматология борборунда дарыланууда. Дарыгерлер анын денесинин 4 пайызы күйгөнүн, абалы оор эмес экенин билдиришти. Кошумчаласак, жумушчу кечээ иштеп жатып, оңдолгондон кийинки жандыргычты чогултуу учурда… Кененирээк…

№5 бала бакчада жарым миллион сом мыйзамсыз менчиктелгени аныкталды

Биринчи Май районундагы №5 бала бакчада жарым миллион сом мыйзамсыз менчиктелгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирет. Ага караганда, аталган сумманын ичинен 156 миң сому бакчада иштебеген белгисиз жаранга которулуп турган. Натыйжада ал директордун бир тууганы экендиги аныкталды. Мындан тышкары, 23 бөбөк электрондук… Кененирээк…