Эртең Бишкек жана Чүй облусунун айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Эртең Бишкек жана Чүй облусунун айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүк электр” ишканасынын маалыматына ылайык, саат эртең мененки 9дан кечки 5ке чейин Ахунбаев, Дэн Сяопин көчөлөрүндө жана Чыгыш, Төмөнкү Чүй, Беловодск, Чалдовар, Ак-Бешим айылдарында жарык жок болот. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Бишкекте ата мекендик сүрөтчүлөрдүн эмгектеринин көргөзмөсү өтүп жатат

Бишкекте ата мекендик сүрөтчүлөрдүн эмгектеринин көргөзмөсү өтүп жатат. Ордо калаадагы Карасаев көчөсүндө Санкт-Петербург жана Москва шаарларынан билим алып келген искусство өкүлдөрүнүн картиналары коюлду. Республиканын сүрөтчүлөрү чет өлкөлөрдө таанымал. Алардын эмгектери бир катар публикацияларда белгиленген. Ал эми презентация коомдун көңүлүн искусствого бурдуруу максатында уюштурулуп жатат. Жарнама… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөөнүн босого баллы азырынча белгисиз

Жалпы республикалык тестирлөөнүн босого баллы азырынча белгисиз. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун адиси Чынара Батракеева билдирет. Анын айтымында, бул ЖРТнын биринчи этабынын жыйынтыгы даяр болгондон кийин билим берүү министрлиги тарабынан белгиленет. Эске салсак, босого балл – бул жогорку окуу жайына контракттык негизде… Кененирээк…

Акыркы үч айда медицина кызматкерлерине жалпысынан 259 миллион сом жөлөк пул төлөндү

Акыркы үч айда медицина кызматкерлерине жалпысынан 259 миллион сом жөлөк пул төлөндү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.  Анын айтымында, мартта 6 миң 438 кызматкерге 38 миллион сом, апрель айында 10 миң 61 медкызматкерге 111,5 миллион сом, ал эми майда 8 миң 991 кызматкерге 110… Кененирээк…

Москвага 12 өлкөнүн делегациясы барды

Россиянын Москва шаарында 24-июнда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган салтанаттуу парад өтөт. Буга карата башкы даярдык иштери 20-июнь күнү өттү. Ага 14 миңден ашык адам катышкан. Салтанаттуу парадга катышуу үчүн Москва шаарына 12 өлкөнүн: Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Молдова, Моңголия,… Кененирээк…

Келечек конушунда жаңы бала бакчага жарыяланган тендер жокко чыгарылды

Келечек конушунда жаңы бала бакчага жарыяланган тендер жокко чыгарылды. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат. Мындай чечим пандемиядан улам бюджеттин кирешеси азайгандыгына байланыштуу кабыл алынды. Эске салсак, Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы мектепке чейинки даярдоо мекемесин курууга 1-июнда тендер жарыялаган. Пландалган сумма 66 миллион… Кененирээк…

Ордо калаада жарандарга мүмкүн болушунча маршруттук баракча алып жүрүү сунушталат

Ордо калаада жарандарга мүмкүн болушунча маршруттук баракча алып жүрүү сунушталат. Мындай сунушту республикалык штаб берет. Андан белгилешкендей,  бара турган жерлерин жана анын убактысын жазып алуу эпидемиологиялык териштирүүнү жүргүзүүгө көмөк болот. Мындан тышкары жарандар коомдук жайларга жана адамдар топтолгон жерге барбай турганы зарыл.

Беткапсыз сүрөткө түшкөн өкмөт мүчөлөрү айыпка тартылды

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу борбору бет кабы жок, аралыкты сактабай сүрөткө түшкөн өкмөт мүчөлөрүнө 140 миң сом өлчөмүндө айып пул салды. Билдирмени өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгул уулу тастыктады. Эске салсак, 17-июнда Абылгазиев кызматын өткөрүп берген. Аны чогуу иштешкен кесиптештери узатып, соңунда… Кененирээк…

Мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаевага 5 миллион сом айып салынып, үч камагына алынды

Мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаевага 5 миллион сом айып салынып, үч камагына алынды. Мындай өкүмдү Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов чыгарды. Мындан тышкары мамлекеттик бардык наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратылды. Жолдубаева соттун мындай өкүмүнө макул эместигин айтып, кийинки инстанцияга арыздана турганын билдирди. Буга чейин мамлекеттик… Кененирээк…

Криштиану Роналду Италия чемпионатынын тарыхындагы эң мыкты португалиялык бомбардир болду

Криштиану Роналду Италия чемпионатынын тарыхындагы эң мыкты португалиялык бомбардир болду. «Ювентус» жана «Болонья» командасынын оюну футбол боюнча Италиянын чемпионатынын А сериясынын 27-турунун алкагында өттү. Беттешти «Ювентус» 2:0 эсебинде жеңип алды. Голду Роналду менен Дибала киргизди. Муну менен Роналдунун «Болонья» командасынын дарбазасына киргизген тобу Италия чемпионатындагы… Кененирээк…