WhatsApp тиркемесинде жаңы функция пайда болот

WhatsApp мессенджери колдонуучуларга бир эле убакытта бир нече аккаунт менен төрт түзүлүштөн (телефон, компьютер) кирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу РИА Новости WABetaInfo басылмасына таянуу менен жазды. Порталдын билдиргенине караганда, учурда бул функцияны адистер иштеп чыгууда. Ал даяр болгондо колдонуучулардын аппаратында Linked Devices аталышындагы атайын бөлүм… Кененирээк…

Ордо калаадагы айрым турак жайларда ысык суу берүү токтотулат

Ордо калаадагы айрым турак жайларда ысык суу берүү токтотулат. “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасынан билдиришкендей, 27-июлдан 31ине чейин Шабдан Баатыр, Чүй, Герцен, Гоголь, Сүйүмбаев көчөлөрүндө жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөрдө ысык суу болбойт. Убактылуу чектөөлөр батыш 1 жылуулук магистралында оңдөп-түзөө иштери жүрүп жатканына байланыштуу болот.

Кыргызстанга Кытайдан медициналык каражаттар келди

Кыргызстанга Кытайдан медициналык каражаттар келди. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, анда 76 миң препарат жана коронавирус инфекциясын дарылоодо колдонулуучу медикаменттер жеткирилди. Жүк Дары-дармек каражаттары департаментинин кампасына түштү. Медициналык препараттар республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынды. Эми ведомство келген дары-дармекти өлкө ооруканаларына муктаждыкка жараша бөлүштүрөт.

Торугарт көзөмөл-өткөрүү түйүнүн ачуу пландалууда

Торугарт көзөмөл-өткөрүү түйүнүн ачуу пландалууда. Бажы кызматы Кытай тарап менен тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Учурда ЕАЭБ алкагындагы келишимдерге ылайык, жүк ташуучу транспорттордун белгилүү шарттарды карманып, «жашыл коридор» менен кирүүлөрүнө жол ачык. Товарларды да токтоосуз алмашып туруу боюнча биримдикке кирген өлкөлөр менен макулдашылган.

Кыргызстанда айрым азык-түлүктөрдү сыртка чыгарууга чектөө киргизилди

Кыргызстанда айрым азык-түлүктөрдү сыртка чыгарууга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда өлкө рыногунда суроо-талап жогору болгон товарлар чет өлкөлөргө экспорттолбош керек. Бул республикада азык-түлүк жана айрым товарлардын жетишсиздигин жаратпоо максатында. Муну менен катар учурда ички рынокто өтө мааниге ээ эмес товарлардын… Кененирээк…