Россиядан Ысык-Көлгө аба жолдору уюштурула баштады

«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту S7 авиакомпаниясынын «Новосибирск — Тамчы — Новосибирск» багыты боюнча алгачкы чартердик каттамын тосуп алды. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун маалымат кызматынан кабарлашты. Чартердик каттам жума сайын шейшемби күндөрү аткарылып турат. Бул жолу аны менен 169 жүргүнчү учуп келди.  

Кыргызстанга Казакстандан электр энергияны импорттоо башталды

Кыргызстанга Казакстандан электр энергияны импорттоо башталды. Учурга чейин дээрлик 25 миллион киловатт саат электр энергиясы сатып алынды. Бул тууралуу Өнөр жай жана мамлекеттик комитетинин сайтында жарыяланды. Маалыматка караганда, учурда Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 13 миллиард 438 миллион кубометрди түзөт. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул… Кененирээк…

Шайлоочулар 29-декабрга чейин өздөрүн алдын ала түзүлгөн тизмеден текшере алышат

Шайлоочулар 29-декабрга чейин өздөрүн алдын ала түзүлгөн тизмеден текшере алышат. БШКдан билдиришкендей, добуш берүүчүлөрдүн аты-жөнү шайлоо тилкелерине илинген. Жарандар өздөрүн бар же жогун тизме порталынан текшерип же 119 номуруна чалышы керек. Кандайдыр бир кемчиликтер же ката кетүүлөр пайда болсо, жарандар тиешелүү шайлоо тилкелерине келип, өзгөртүүлөрдү… Кененирээк…

Америкада 3 дөңгөлөктүү унаа жасалды

Америкада 3 дөңгөлөктүү унаа жасалды. Машине күндүн энергиясынан кубатталат. Бир сааттык заряд менен ал 8 чакырым жүрө алат. Электромобилдин тышкы көрүнүшү канаты жок учакка окшош жана ал бир чакырым жүрүүгө 100 ватт-саат гана энергия сарптайт. Корпус өтө жеңил материалдардан жасалды. Буга карабай аталган техника башка… Кененирээк…

Бишкек мэриясы унаа департаментин түзүү ниетинде

Бишкек мэриясы унаа департаментин түзүү ниетинде. Ордо калаанын вице-мэри Азиз Алымкулов билдиргендей, учурда шаардык транспортко 3 мекеме жооп берет. Ал эми департамент жалгыз орган болот. Андан тышкары, жарандардын коопсуздугун камсыздоону жогорулатуу үчүн жаңы бөлүм такси кызматтарынын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алат. Ошондой эле аялдама, жол чырак жана… Кененирээк…

Бала бакчалар эмне үчүн ачылбай жатканы айтылды

Бала бакчалар эмне үчүн ачылбай жатканы айтылды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана аймактык санэпидем көзөмөл борбору мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ишин жандандырууга уруксат бербей жатат, — дешти Республикалык штабдан. Бирок учурда өлкө боюнча 289 бала бакча кадимки тартипте иштеп жатат. Аларын барында санитардык… Кененирээк…

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 289 бала бакча кадимки тартипте иштеп жатат

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 289 бала бакча кадимки тартипте иштеп жатат. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, алардын көбү жеке менчик болсо, азыраагы мамлекеттик. Бул өз кезегинде санитардык нормаларды сактоого шарты бар бакчалар. Мектепке чейинки даярдоо мекемелерин ачууга уруксатты атайын текшерүүлөрдөн кийин жергиликтүү бийлик органдары жана аймактык санэпидкөзөмөл… Кененирээк…

Жогорку окуу жайларды ачуу үчүн алгоритм иштелип чыгууда

Жогорку окуу жайларды ачуу үчүн алгоритм иштелип чыгууда. Республикалык штабдан билдиришкендей, тиешелүү документти атайы түзөлгөн жумушчу топ даярдап жатат. Эске салсак, былтыркы окуу жылынын аягынан тартып учурга дейре Кыргызстандын ЖОЖдору салттуу негизде билим берүүгө кайта элек

Кыргызстан болжолдуу түрдө күтүлүп жаткан коронавирустун күзгү-кышкы сезондогу толкунуна даярданууда

Кыргызстан болжолдуу түрдө күтүлүп жаткан коронавирустун күзгү-кышкы сезондогу толкунуна даярданууда. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирет. Анын айтымында,  Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушуна ылайык, клиникалык протоколдун 5-версиясын иштеп чыгуу пландалууда. Андан тышкары, кошумча стационарлар уюштурулду, дары-дармектер жана жабдуулар сатып алынды. Кыргызстанда… Кененирээк…

Чет өлкөлөрдө 45 шайлоо тилкеси пайда болду

Чет өлкөлөрдө 45 шайлоо тилкеси пайда болду. Андан тышкары Россия жана Тюмень шаарларында дагы бирден добуш берүү участкаларын ачуу караштырылып жатат, — дешти novosti.kgге БШКдан. Маалыматка караганда, аталган шаарларда шайлоо тилкелерине муктаждык бар. Өз кезегинде чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктар өздөрүн tizme.gov.kg сайтында бар же жогун… Кененирээк…