АКШда жеке ишкер итине 5 миллион долларды мураска калтырды

АКШда жеке ишкер итине 5 миллион долларды мураска калтырды. Чет элдик ММКлар жазышкандай, Билл Доррис аттуу миллионердин жаныкдары болгон эмес, бир гана Лулу аттуу ити бар болчу.   Акча атайын эсепке которулат, ал эми ишкердин досу аны иттин жакшы жашоосу үчүн гана корото алат.

Мамлекеттик чек араны аныктоо боюнча Тажикстан менен сүйлөшүүлөр мартта уланат

Мамлекеттик чек араны аныктоо боюнча Тажикстан менен сүйлөшүүлөр мартта уланат. Бул тууралуу өкмөттүн чек ара суроолору боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирди.   Анын айтымында, иштер коронавирустун айынан токтотулган болчу. Бөрүбаев кошумчалагандай, учурга карата коңшу өлкө менен чек аранын 60 пайызы такталган. Калган бөлүгүндө кыйынчылыктар… Кененирээк…

Жергиликтүү кеңеш шайлоолору Кыргызстан бюджетине 422 миллион  231 миң сомго айланат

Жергиликтүү кеңеш шайлоолору Кыргызстан бюджетине 422 миллион  231 миң сомго айланат.   Чыгымдардын сметасын БШК бекитти. Андан такташкандай, каражат кызматтык сапарларга, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө айлыктарга, жеке коргонуучу каражаттарды сатып алууга жана башка чыгымдарга жумшалат.   Эске салсак, 448 жергиликтүү кеңешке шайлоолор 11-апрелде өтөт.  27-мартка чейин… Кененирээк…

Каныбек Осмоналиев премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды

Каныбек Осмоналиев премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. Каныбек Осмоналиев 1956-жылы 21-январда Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында туулган.

«Кыргыз алтын» ишканасынын жетекчиси Элмырза Үкүбаев эки айга камалды

Пара талап кылууга шектелип кармалган «Кыргыз алтын» ишканасынын жетекчиси Элмырза Үкүбаев эки айга камакка алынды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.   Билдирүүдө айтылгандай, чечим Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан чыгарылган.   УКМК Үкүбаевди 12-февралда кармаган. Ал алтын казуучу ишканалардын айрым жетекчилеринен пара талап… Кененирээк…

Каржылык чалгындоо кызматына жаңы жетекчи дайындалды

Өкмөткө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына жаңы жетекчи дайындалды. Бул тууралуу аталган кызматтын сайтына жарыяланды. Андагы маалыматка караганда, Гуламжан Анарбаев өз каалоосу менен иштен кетүү жөнүндө арыз жазганына байланыштуу кызматынан бошотулду. Анын ордуна Канатбек Тургунбеков келди.  

Президент Садыр Жапаров аралыктан иштөө режимине өттү

Президент Садыр Жапаров алдын ала пландалган эл аралык иш-чаралардын алдында аралыктан иштөө режимине өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.   Садыр Жапаровдун мындай кадамга барышына коронавирус инфекциясынын дале болсо күчөп турганы эске алынды. Ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо зарылдыгы да актуалдуу бойдон калууда.… Кененирээк…

Германияда кучактап, жылыта турган робот чыгарылды

Германияда кучактап, жылыта турган робот чыгарылды. Авторлордун айтымында, идеянын башкы максаты – жагымдуу келген, адамдын бою менен тең болгон машинаны түзүү.   Робот жумшак курсак менен камсыздалып, анысынын ичине атайын жылыткыч салынган. Аны кучактаган адамга дагы жылуулук өтүп баштайт. Датчиктер менен робот адамдын эмоциясын таанып… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Мьянмага беттешке барбай калды

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Мьянмага беттешке барбай калды. Эске салсак, 30-мартта Мандалай шаарында командалар 2022-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында жолугушмак.   Бирок Мьянмадагы саясий жана эпидемиологиялык абал туруктуу болбой жаткандыктан, оюн башка күнгө жылдырылды. Күтүлгөндөй, эми беттеш ушул жылдын июнь айында өтөт.

Бүгүн Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кара-Балта жана Кызыл-Кыя мектептерине   1-класска балдарды кабыл алууга электрондук кезек ачылды

Бүгүн Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кара-Балта жана Кызыл-Кыя мектептерине   1-класска балдарды кабыл алууга электрондук кезек ачылды. Андан тышкары, быйыл бул долбоор дагы 5 калаада жеткиликтүү болот – Каракол, Нарын, Талас, Баткен жана Кара-Суу.   Бул жерде баланы 1-класска 15-апрелден тарта каттатса болот. Онлайн кабыл алуу августка… Кененирээк…