Казакстандын Түркстан шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылат

31-майдан тарта Казакстандын Түркстан шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, жүргүнчүлөрдү ташуу Казакстандын FlyArystan лоукостери аркылуу жумасына эки жолу, дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жүргүзүлөт.   «2021-жылдын 31-майынан баштап «Түркстан — Бишкек — Түркстан» багыты боюнча… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгү жарыксыз калды

Бишкектин бир бөлүгү жарыксыз калды. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, кечки саат 5ке чейин электр энергиясы 10-кичи райондо, Токтогул, Кулиев, Боталиев, Тыныстанов, Москва, Юнусалиев, Ахунбаев, Щербаков көчөлөрүндө жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Ош жана Жалал-Абаддан Ысык-Көлгө түз аба каттамдар ачылат

Ош жана Жалал-Абаддан Ысык-Көлгө түз аба каттамдар ачылат. Бул тууралуу “Мана” эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти. 18-июндан тартып авиакомпания Ош — Ысык-Көл — Ош жана Жалал-Абад — Ысык-Көл — Жалал-Абад туруктуу эки каттамды ачат.   Оштон каттамдар жумасына үч ирет — шаршемби, жума жана… Кененирээк…

Ошто чек ара кызматкерлерине үй тапшырылды

Ошто чек ара кызматкерлерине үй тапшырылды. 216 батирдин ачкычын салтанаттуу түрдө президент Садыр Жапаров ыйгарды. Тогуз кабаттуу 3 корпустан турган турак жай 2016-жылы Коргоо министрлигинин эсебине курулган.   Батирдин 56сы чек арачыларга, калганы Коргоо министрлигинин кызматкерлерине берилди. Белгилеп кетсек,  кечээ Кыргызстанда Чек ара күнү белгиленди.

Азиз Суракматов эки айга камалды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 28-майда мурдагы мэр Азиз Суракматовдун баш коргоо чарасын карады. Ал Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) абагына эки айга камалды.   Суракматов коррупция жана мыйзамсыз баюуга шек саналып ушул аптада кармалган. УКМК курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө кымбат баалуу көп кабаттуу үйлөрдү куруу… Кененирээк…

Мухаммедкалый Абылгазиевдин бөгөт чарасы узартылды

Төрт айдан бери Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында отурган мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дагы эки ай абакта болот. Бишкектин Биринчи май райондук соту 21-майда анын бөгөт чарасын 26-июлга чейин узарткан.   Атайын кызмат мурдагы премьер-министрди «өкмөт башчы болуп турганда “Кумтөр Голд” ишканасына геологиялык чалгындоо жана… Кененирээк…