Эртең өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун участкадан тышкары добуш берүүсү өтөт

Эртең өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун участкадан тышкары добуш берүүсү өтөт. Боршайкомдон билдиришкендей, бирдиктүү шайлоо округу боюнча добуш берүүчү жайдан тышкары шайлоого катышууга 13 миң 400дөй, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 13 миңге жакын арыз келип түштү.   Конституциялык мыйзамга ылайык, үйүнөн добуш берүүгө шайлоочулардын… Кененирээк…

Бишкекте жана өлкөнүн борбордук бөлүгүндө түндө жаап баштаган кар түштөн кийин гана токтойт

Бишкекте жана өлкөнүн борбордук бөлүгүндө түндө жаап баштаган кар түштөн кийин гана токтойт. Синоптиктер кечинде жолдордо муз тоңо турганын эскертет.   Айдоочулар этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү аралыкты сактап, ылдамдыкты жогорулатпай жүрүшү керек. Ал эми жөө жүрүүчүлөр бактардын, жеңил конструкциялардын жана чатырлардын алдынан өтпөшү керек.

Ордо калаа көчөлөрү түндөн бери кардан тазаланууда

Ордо калаа көчөлөрү түндөн бери кардан тазаланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, учурга карата 20 тонна техникалык туз себилди, бул иштер 133 көчөдө жүрүп жатат.   Жарандар кар тазалоо боюнча арыздарын 1840 жана 1850 кыска номерлерине чалып билдирсе болот.

Бишкектеги ЖЭБ-2 ишканасынын жанындагы жерлерди трансформациялоо боюнча токтомго кол коюлду

Бишкектеги ЖЭБ-2 ишканасынын жанындагы жерлерди трансформациялоо боюнча токтомго кол коюлду. Ага ылайык, Сокулук районунун Орок айылындагы муниципалдык менчикте турган 47 гектардан ашык жер калктуу конуш макамын алды.   Министрлер кабинетинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей,  шаар куруу документтерин иштеп чыгууга бюджеттен 5 миллион сом бөлүнөт.   Эске… Кененирээк…

Бишкекте көмүр саткан базалардын даректери

Бишкек мэриясы ордо калаадагы көмүр саткан базаларынын дарегин кайрадан жарыялап, ал жакта кандай көмүр бар экенин жана баасын жазды. Билдирмеге караганда, Биринчи май районунда кошумча отун базалары ачылган. Жалпысынан 12 жерде Кара-Кече көмүрү сатылууда. Бир кабынын баасы — 250 сом.   Алар: Щербаков көчөсү, 121;… Кененирээк…

Түндө өлкөдө жер титирөө катталды

Түндө өлкөдө жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун сайтына жарыяланды.   Маалыматка ылайык, 26-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 1:40та күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу жайгашкан жери: Кыргыз аймагында, Тахталы тоо кыркаларында, Жетиген айылынан 9 чакырым түштүк-чыгышта, Чалдыбар айылынан 9… Кененирээк…

Бишкектин такси айдоочулары аларга кандай кардарлар жакпай турганын айтып беришти

Бишкектин такси айдоочулары аларга кандай кардарлар жакпай турганын айтып беришти. Суралгандардын көбү айнектен таштанды ыргытып, унааны башкаруу боюнча кеңеш бергендерди жактырбайт.   Таксисттердин 47 пайызы салондо тамак жеген кардарларга жини келе турганын моюндашты. Андан тышкары, эшикти каттуу жапкан, орой мамиле кылган, телефонун чукулап отура берген… Кененирээк…

Кыргызстанда жыл башынан бери 94 миллиард сом салык чогултулуп, план  102 пайызга аткарылды

Кыргызстанда жыл башынан бери 94 миллиард сом салык чогултулуп, план  102 пайызга аткарылды. Мамлекекеттик салык кызматынан билдиришкендей, бул 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик 30 миллиард сомго көп.   Пландын ашыкча аткарылышы экономиканын бардык тармактарында мониторинг жүргүзүү жана бизнести көмүскөдөн чыгаруу боюнча иштерге байланыштуу болду.

Кыргызстан менен Ирандын ортосунда жүк ташуу жеткиликтүү болот

Кыргызстан менен Ирандын ортосунда жүк ташуу жеткиликтүү болот. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев “Азаттыкка» билдиргендей бул үчүн Иран өкмөтү кыргызстандык ишкерлерге транзиттик жер тилкесин бөлүп берет.   Министр учурда Кытай дүйнө жүзү менен логистикасын токтотуп койгондуктан, башка өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстанда дагы чийки заттын… Кененирээк…

Жапаров Путинге шахта кырсыгына байланыштуу көңүл айтты

Өлкө башчы Садыр Жапаров Россия президенти Владимир Путинге Кемерово облусундагы шахтада болгон кырсыктын кесепетинен жумушчулардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.   Каргаша эртең менен «Листвяжная» шахтасында болгон. Ал убакта 285 киши иштеп жаткан, көбүн үстүнө алып чыкканга жетишишкен. 11… Кененирээк…