Түштүк Корея кыргызстандык студенттер үчүн квотаны көбөйттү

Түштүк Корея кыргызстандык студенттер үчүн квотаны көбөйттү. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, эми аталган мамлекеттен жылына 40ка жакын кыргызстандык студент билим ала алат.   Белгилеп кетсек, 2019-жылдан бери Түштүк Кореяда 19 гана кыргыз жараны окуп келген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине сервердик жабдуулар тапшырылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине сервердик жабдуулар тапшырылды. Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, техниканы Бириккен улуттар уюму алып берди.   Жабдуулар табигый кырсыктар боюнча маалымат базаны натыйжалуу иштетүү, башкаруу системасын түзүү үчүн колдонулат. Анын жардамы менен эми өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана алдын ала божомолдоо мүмкүн болот.

Президенттин иш башкармалыгы эми Жогорку Кеңешти дагы тейлейт

Президенттин иш башкармалыгы эми Жогорку Кеңешти дагы тейлейт. Садыр Жапаров кол койгон жарлыктын негизинде парламенттин иш башкармалыгынын базасында президенттин иш башкармасы түзүлмөй болду.   Бул орган Министрлер кабинетинин, өлкө башчы администрациясынын жана Жогорку Кеңештин аппаратынын ишин материалдык-техникалык жана каржылык камсыздоону ишке ашырат.

Мас абалында унаа айдагандардын жазасы күчөтүлөт

Мас абалында унаа айдагандардын жазасы күчөтүлөт. Милициянын Кайгуул кызматы Бузуулар жөнүндө жаңы кодекс тууралуу маалымат берди.   Ага ылайык, спирт ичимдиктерин, баңги заттарды же психотроптук каражаттарды колдонуп унаа айдагандар 17 миң 500 сом айыпка жыгылат же 30 сааттан 40 саатка чейин коомдук жумуштарга тартылат.  … Кененирээк…

Жаңы жылга карата берилген эң начар белектер аталды

Жаңы жылга карата берилген эң начар белектер аталды. Антирейтингдин сап башында байпак жана футболка жайгашат. Андан кийин тизмеде шамдар, магниттер жана ар кандай сувенирлер бар. Ал эми үчилтикти ашкана буюмдары жабат.   Андан тышкары, мындай рейтингге шампунь, самын жана канцелярия товарлары дагы кирет. Бирок кандай… Кененирээк…

Жалал-Абадда жаңы жылдык балатыны орнотуу башталды

Жалал-Абадда жаңы жылдык балатыны орнотуу башталды. “Турмуш” басылмасы билдиргендей, токой сулуусунун бийиктиги 28 метрди түзөт. Балатыны жана шаар көчөлөрүн жаңы жылга карата жасалгалоого жергиликтүү бюджеттен   612 миң сом бөлүндү.   Жалал-Абаддын башкы балатысынын оту 15-декабрда жанат.

Азык-түлүккө баалары эң жогору болгон ЕАЭБ өлкөлөрү аталды

Азык-түлүккө баалары эң жогору болгон ЕАЭБ өлкөлөрү аталды. Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматына ылайык, тизменин сап башында Кыргызстан турат.   Биздин өлкөдө акыркы бир жылда айыл-чарба продукциясы  23 пайызга кымбаттады. Экинчи орунда Россия турат. Бул жерде индекс 19,5 пайызды түздү. Беларусь жана Казакстанда айыл-чарба продукциясы 14… Кененирээк…

Кыргызстандан товар экспорттоочулар жана жүк ташуучулар жанында электрондук эсеп-фактураларды алып жүрүшү керек

Кыргызстандан товар экспорттоочулар жана жүк ташуучулар жанында электрондук эсеп-фактураларды алып жүрүшү керек.   Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, бул товарды эч кандай тоскоолдуксуз өткөрүүнү камсыздап, кармалууларды жана кошумча текшерүүлөрдү  жоюуга жардам берет.   Эске салсак, бардык салык төлөөчүлөргө жана жүк ташуучуларга электрондук эсеп-фактураларды алып жүрүү… Кененирээк…

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу процесси мыйзамга ылайык жүрүүдө

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу процесси мыйзамга ылайык жүрүүдө. БШКнын маалыматына ылайык, алгач комиссия мүчөлөрү бир мандаттуу округдар боюнча добуштарды санап алышы керек, андан кийин гана – бирдиктүү шайлоо округунун бюллетендери эсепке алынат.   Ар бир бюллетендеги добуш протоколго түшүрүлөт, андан кийин бул документ шайлоо участогундагы… Кененирээк…

Айсулуу Тыныбекова жана Акжол Махмудов жылдын мыкты спортчулары деп аталды

Айсулуу Тыныбекова жана Акжол Махмудов жылдын мыкты спортчулары деп аталды. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, сыйлык тапшыруу аземи бүгүн Улуттук филармонияда өттү.   Эске салсак, Махмудов жана Тыныбекова Токио Олимпиада оюндарында күмүш медалдарды багындырышкан. Ал эми дүйнөнүн эң бийик чокусу Эверестти багындырган мекендешибиз Эдуард Кубатовго “Атайын… Кененирээк…