Президент администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси дайындалды

Алтынбек Жумаев КР президентинин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Мамлекет башчысынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон. Эске салсак, буга чейин президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүн Нурай Марс жетектеп келген.

Бишкектеги тарыхый-маданий объектилердин электрондук картасы түзүлдү

Бишкектеги тарыхый-маданий объектилердин электрондук картасы түзүлдү. «Бишкек башкы архитектурадан» билдиришкендей, долбоор иштеп баштады жана ага bga.org.kg. шилтемеси аркылуу кирсе болот. Анда эстеликтер жана имараттар камтылды. Картада белгисиз себептер менен жоголуп жана бузулган эстеликтер да бар. Ар бир объектинин тарыхый маалыматтары, сүрөтү, планы жана чиймеси бар.… Кененирээк…

2022-жылы мугалимдердин, дарыгерлердин жана милиция кызматкерлеринин айлыгы көбөйөт

2022-жылы мугалимдердин, дарыгерлердин жана милиция кызматкерлеринин айлыгы көбөйөт. Каржы министрлиги кийинки жылга республикалык бюджеттин болжолун жарыялады. Учурда ведомство министрлер кабинети менен бирге жогорулатуунун варианттарын иштеп чыгууда. Маянаны көтөрүүнү социалдык тармактын кызматкерлеринен баштоо сунушталууда.

Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына учуп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн иш сапары менен Санкт-Петербург шаарына (Россия Федерациясы) учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет. Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: — тышкы иштер министри Руслан Казакбаев; — Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-январдан тартып социалдык пособиелердин өлчөмү көбөйтүлөт

Кыргызстанда 1-январдан тартып социалдык пособиелердин өлчөмү көбөйтүлөт. Бул тууралуу эмгек жана социалдык камсыздандыруу министрлигинен билдиришти. Жөлөк пулдар 13 категорияда акча алып жүргөндөргө тиешелүү болот. Эске салсак, быйыл 1-октябрдан тартып айрым жарандардын социалдык пособиелеринин айлык көлөмү 50 пайызга жогорулады. Жаңырган жылдан тартып аларга төлөмдөр 100 пайызга… Кененирээк…

Улуттук банк сомдун наркын кармап туруу үчүн кезектеги ирет интервенция өткөрдү

Улуттук банк сомдун наркын кармап туруу үчүн кезектеги ирет интервенция өткөрдү. Бул жолу валюта рыногуна 65 миллион 950 миң доллар сатылды. Бул быйылкы жылдагы 15-интервенция. Муну менен ушул жылы жалпысынан дээрлик 699 миллион доллар сатылды. Valuta.kg порталынын маалыматына ылайык, кечээкиге салыштырмалуу банктарда жана акча алмаштыруучу… Кененирээк…

Калкты кайра каттоо үчүн 28 миң адам ишке тартылат

Калкты кайра каттоо үчүн 28 миң адам ишке тартылат. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, республика боюнча 25-марттан 3-апрелге чейин жана алыскы аймактарда 23-апрелден 2-майга чейин өтө турган калкты жана турак жай фондун кайра каттоодо мигранттар, майыптар жана калктын социалдык-экономикалык абалы тууралуу маалыматтар алынат. Андан тышкары, жарандардын… Кененирээк…

Кыргызстан мектептеринде 3-чейрек 12-январда башталат

Кыргызстан мектептеринде 3-чейрек 12-январда башталат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, окуучулардын кышкы эс алуусу 31-декабрдан 11-январга чейин созулат. Муну менен балдардын каникулу 12 күнгө созулат. Эске салсак, республикада быйылкы окуу жылы 15-сентябрда башталды. Андан улам, жылда салтка айланган каникул күндөрү да жылдырылууда.

1-январдан тартып Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер кызматкерлеринин айлыгы көбөйөт

1-январдан тартып Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер кызматкерлеринин айлыгы көбөйөт. Ведомство башчысы Бообек Ажикеев билдиргендей, кызматкерлердин маянасын 50 пайызга көтөрүү чечими кабыл алынды. Бул максатта 2022-жылдын бюджетинен 312,5 миллион сом каралды. Учурда башкармалыктын башчыларынын оклады 12 миң сомду түзөт. Бөлүмдөрдүн улук офицерлеринники 9 миңге жетпейт.