Кыргызстанда “Мекен-карт” макамы 118 кишиге берилди

Кыргызстанда “Мекен-карт” макамы 118 кишиге берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди.   “Мекен-карт” макамы 2023-жылдын март айынан баштап бериле баштаган. Аны алган жарандар Кыргызстанга эркин кирип-чыгат жана визадан бошотулат. Бүгүнкү күнгө карата 169 жаран тапшырып, анын… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында жаңы сквер курулат

Жалал-Абад шаарында жаңы сквер курулат.   Калаа мэриясынан билдиришкендей, эс алуу аймагы Түмөнбай Байзаков проспектиси менен Нагима Айтматова көчөсүнүн кесилишинде пайда болот. Сквер куруу үчүн соода жайы жана анын айланасындагы соода түйүндөрү, тез татым жайлары алынат.   Учурда сквердин долбоору даярдалды. Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттин… Кененирээк…

“Социалдык келишим” долбоорунун катышуучуларынын басымдуусу тигүү цехтерин ачкан

“Социалдык келишим” долбоорунун катышуучуларынын басымдуусу тигүү цехтерин ачкан. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги программанын катышуучулары кандай бизнестерди ачканын тизмектеди.   Долбоор 2022-жылы башталган.   Андан бери ага республикалык бюджеттен 3 миллиард сомдон ашык бөлүнгөн. Бул каражатка өлкө боюнча 144 бал челек, 28 күнөскана,  79… Кененирээк…

Кыргызстанда пенсия эки этап менен көтөрүлөт

Кыргызстанда пенсия эки этап менен көтөрүлөт. Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев билдиргендей, 1-октябрдан тарта пенсионерлер колуна 6 миң 900 сомдон кем эмес пенсия ала баштайт.   Биринчи этап 1-июлда башталып, анын алкагында бардык пенсиянын базалык бөлүгү 3 миң 500 сомго жеткирилет. Ал эми 2-этапта пенсиянын минималдык… Кененирээк…

Кыргызстандык спортчулар келе жаткан Олимпиада оюндарына 13 лицензия ээлешти

Кыргызстандык спортчулар келе жаткан Олимпиада оюндарына 13 лицензия ээлешти. Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына ылайык, 10 лицензия күрөш боюнча, бири дзюдо, бири сууда сүзүү боюнча жана дагы бир жолдомону жеңил атлетика спортчусу ээлеген.   Ведомстводон белгилешкендей, дагы ок атуу жана найза сайюу боюнча лицензиялар… Кененирээк…

Кыргызстанда пенсияга чыгуу курагын жогорулатуу пландалган жок

Кыргызстанда пенсияга чыгуу курагын жогорулатуу пландалган жок. Бул тууралуу Соцфонддун башчысы Бактияр Алиев билдирди.   Анын айтымында, пенсия чегерүүнү баштоо жаш курагы өзгөрүүсүз калууда: аялдар үчүн – 58 жаш, эркектер үчүн – 63 жаштан тарта.   Кошумчалап кетсек, өлкөдө жалпысынан 780 миңден ашык пенсионер бар.… Кененирээк…

Акылбек Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат

Акылбек Жапаров 24-майда КМШга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Түркмөнстанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди. Жыйындын күн тартибинде энергетика тармагындагы кызматташтыкты талкуулоо жана эл аралык транспорт коридорлорун өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планы сыяктуу 10дон ашык маселе бар. Мындан тышкары,… Кененирээк…