Синоптиктер июнь айында кыргызстандыктарды кандай аба ырайы күтөрүн айтып беришти

Синоптиктер июнь айында кыргызстандыктарды кандай аба ырайы күтөрүн айтып беришти. Кыргызгидромет билдиргендей, өлкөнүн түндүк аймактарында абанын температурасы күндүз 35 градуска жетип, түнкүсүн 12 градустан төмөндөбөйт.   Өлкөнүн түштүгүндө аба табы күндүз 36, түнкүсүн 23 градуска чейин көтөрүлөт.   Жаан-чачындын июнь айындагы көлөмү нормадан аз же… Кененирээк…

Россияда кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны эки эсе кыскарды

Россияда кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны эки эсе кыскарды. Учурда бул өлкөдө 411 миңден ашуун кыргызстандык бар экенин Эмгек жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди.   Анын айтымында, буга чейин аталган мамлекетте 1 миллионго жакын кыргыз жараны болгон.

Балыкчыда өлкөдөгү эң ири эт комбинаты ишке кирди

Балыкчыда өлкөдөгү эң ири эт комбинаты ишке кирди. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 14 миң тонна продукцияны түзүп, 100дөн ашык адамды жумуш менен камсыз кылат.   Жалпы инвестициянын көлөмү 6 миллион долларды түздү.   Комбинаттын ЕАЭБдин бардык ички стандарттарына жана тамак-аш жана санитардык… Кененирээк…

Бишкекте ысык суу берүү 1-июнда жанданат

Бишкекте ысык суу берүү 1-июнда жанданат. Novosti.kgге “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасынан билдиришкендей, учурда тиешелүү түтүктөрдү текшерүү иштери жүрүп жатат.   Эске салсак, ордо калаада ысык суу 22-апрелде өчүрүлгөн. Бул учурда шаардагы суу түтүктөрүн жана жылытуучу казандарды оңдоо жумуштары жасалды.

Аксы районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Бул тууралуу Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда жеринде райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы иштеп жатат.   Эске салсак,  25-майда кечки саат 7лер чамасында катуу жааган жаандан улам Аксы районунда сел жүрүп, 50дөн… Кененирээк…

Сүлүктүдө Исхак Раззаковдун айкели орнотулду

Эл баатыры, мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун айкели Сүлүктү шаарынын борбордук аянтына орнотулду.   Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, айкелди орнотуу иштерине жалпы 400миң сом жумшалган. Анын 250 миң сомун шаардын 50 жаштагы тургундары, 150 миң сомун шаардын дагы башка демөөрчүлөрү жыйнап берген.   Иш-чарада сөз… Кененирээк…

Кыргыз-өзбек унаа заводу ушул жумада ишке кирет

Кыргыз-өзбек унаа заводу ушул жумада ишке кирет. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдиргендей эртең, 28-майда унаа чогултуучу завод тесттик режимде ишке кирүүгө даяр болот.   Эске салсак, ишкана Сокулук районунда жайгашкан. Баштапкы этапта заводдо жылына 3 миң унаа чыгаруу пландалууда.

Сүлүктү шаарында жаштар аллеясы ачылды

Сүлүктү шаарында жаштар аллеясы ачылды. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аллея шаардын муниципалдык багынын аймагында курулган.   Курулушка жалпысынан 4 млн сомдон ашык каражат жумшалган.

Асман шаарынын курулушу кийинки айда башталат

Асман шаарынын курулушу кийинки айда башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Ал курулуштун токтоп калганын долбоорго өзгөртүүлөр киргизилгени менен түшүндүрдү.   Эске салсак, бийлик 2021-жылы Ысык-Көлдүн жээгине экологиялык, заманбап, бардык шарттары бар шаар курууну демилгелеген. Былтыр жайында бул шаарды куруу аземи башталып, бирок капсула… Кененирээк…

Аксы районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Аксы районунун айрым аймагында сел жүргөнүнө байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Кара-Камыш, Сары-Челек, Үч-Коргон айыл аймактарында кокту-колоттордон чогулган сел суулар 56 турак жайдын короосуна, алты үйдүн жер төлөсүнө, төрт турак үйдүн ичине кирип, үч мал сарай урап калган.   Ага… Кененирээк…