Бишкекте 17 автобус жана троллейбустардын жүрүү схемасы өзгөрдү

Бишкекте 17 автобус жана троллейбустардын жүрүү схемасы өзгөрдү. Мэриядан билдиришкендей, бул айрым көчөлөр ремонтко жабылганына байланыштуу.   Учурда Абдрахманов көчөсүнүн Бөкөнбаев-Киев тилкесинде, Ахунбаев-Малдыбаев жана Байтик  Баатыр – Медеров кесилиштеринде оңдоо иштери жүрүүдө.   Буга байланыштуу №6, 9, 31, 12, 42, 52, 55, 56, 100, 103,… Кененирээк…

Кыргызстандыктар 13,6 миллиард сомго чакан насыя алышкан

Кыргызстандыктар 13,6 миллиард сомго чакан насыя алышкан.  Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталына карата маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлүштү.   Ага ылайык, микрокредит алуучулардын эң көп саны Бишкекте – 50 миңден ашык, андан кийин Ош, Жалал-Абад, Чүй облустары турат. Чакан насыялардын басымдуу бөлүгү керектөөлөргө, айыл чарбасына,… Кененирээк…

Ош – Раззаков унаа жолундагы селден урап түшкөн Найман көпүрөсүнүн айланасы тазаланып, жол каттамы эки тараптуу ачылды

Ош – Раззаков унаа жолундагы селден урап түшкөн Найман көпүрөсүнүн айланасы тазаланып, жол каттамы эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди. Көпүрө кечээ кечки саат 8 жарымда  урап түшүп, каттам жабылган.   Жабыркагандар болгон жок. Жеринде министрликтин кызматкерлери жана атайын техника… Кененирээк…

Евро чемпионатынын жарым чейрек финалынын алгачкы жуптары аныкталды

Евро чемпионатынын жарым чейрек финалынын алгачкы жуптары аныкталды. 5-июлда кечки саат 10до жарым финалга чыгуу укугуна Испания – Германия курамалары күч сынашат.   6-июлда Англия – Швейцария курамалары оюн талаасына чыгат. Кийинки турга өтүү үчүн Испания командасы грузиялык футболчуларды   4:1 эсебинде талкалады, Германия курамасы даниялык… Кененирээк…

Кадамжайда жемиштерди сактоочу логистикалык борбор курулду

Кадамжайда жемиштерди сактоочу логистикалык борбор курулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Айыл чарба азыктарын сактоочу кампанын курулушуна, Баткен облусун өнүктүрүүгө максатталган 500 миллион сомдун эсебинен дээрлик 19 миллион сом жумшалды.   Алдыда айланасын көрктөндүрүү, асфальт төшөө, жарыктандыруу жумуштары жергиликтүү бюджеттин эсебинен жасалат.… Кененирээк…

Ноокатта селдин кесепеттерин жоюуга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 130 куткаруучу жана 7 техника тартылды

Ноокатта селдин кесепеттерин жоюуга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 130 куткаруучу жана 7 техника тартылды.  Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Ал эми Жарандык коргонуу кызматынан 450 адам жана 30га жакын техника жеринде иш алып барууда.   Белгилеп кетсек, Ноокат районунун аймагында сел Тескей-Кожоке айылында 25 турак үйдүн короо-жайын,… Кененирээк…

Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматташтырылган эсептөө системасынын баштапкы жыйынтыгы чыкты

Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматташтырылган эсептөө системасынын баштапкы жыйынтыгы чыкты. Ага ылайык, №5 Ноокат округунан талапкер Бакытбек Марипов алдыга чыкты. №29 Свердлов округунан Жумабек Салымбеков алдыга озду.   Ал эми №36 Ысык-Көл округунан талапкер Айжигит Тыналиев атаандаштарын артка калтырды.   30-июнда  Ноокат, Ысык-Көл жана Свердлов бир… Кененирээк…

Жалал-Абад – Тамчы аба каттамы бүгүнтөн тарта жанданат

Жалал-Абад – Тамчы аба каттамы бүгүнтөн тарта жанданат. “Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына караганда, учактар Ысык-Көлдүн жээгине жумасына төрт ирет жөнөйт.   Эске салсак,  Жалал-Абад – Тамчы багытындагы каттам мурда уюштурулуп, бирок чакан учактардын тартыштыгынан улам 2021-жылы токтоп калган.

Кочкордо ипотекага 5 кабаттуу үй курулат

Кочкордо ипотекага 5 кабаттуу үй курулат. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу Кочкор районунда 5 кабаттуу турак жайдын курулушуна капсула салды.   Анын айтымында, учурда республика боюнча  11 миңден ашык батир курулуп жатат. Жыл аягына чейин… Кененирээк…

Селден улам Ош-Раззаков жолундагы көпүрө урап, кыймыл жабылды

Селден улам Ош-Раззаков жолундагы көпүрө урап, кыймыл жабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Ош-Раззаков жолунун 65-чакырымындагы Найман көпүрөсү урап түштү.   Жабыркагандар жок. Жеринде тазалоо, калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Жарандарга аталган жол менен сапарга чыкпай туруу сунушталат.