Ысык-Көлдө селден улам 145 эс алуучу эвакуацияланды

Кечээ, 5-июлда саат 20:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагына караштуу Корумду айылындагы «Нептун» пансионатынын жанында жайгашкан каналдагы көпүрөдөн суу ашып, пансионатты каптаган. Жерине Ысык-Көл району боюнча ӨКБдан 15 куткаруучу 2 мотопомпа, РИИБден 10 кызматкер, жергиликтүү башкаруу органдарынан 30 кызматкер жана… Кененирээк…

Улуттук банк шылуундардан сак болууга чакырат

Акыркы убактарда шылуундар активдешип, социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу Улуттук банктын жана «Кыргызнефтегаздын» атынан акча берилет деген билдирүүлөр тарап жатат. Мындай маалымат жалган деп билдирет Улуттук банк.   Финансылык жөнгө салуу органынан белгилешкендей, бул ирет белгилүү телеканалдардын биринин видеосун монтаждап, алдамчылар Улуттук банк «Кыргызнефтегаз» менен… Кененирээк…

Ошто жер титиреди

Ошто жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, 5-июлда саат 19:17де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жердин силкинүүсү Чоң-Алай районунун Шибээ, Жар-Башы, Кушчу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.   Жер титирөөнүн… Кененирээк…

Ноокат шайлоо округу боюнча Бакытбек Марипов жеңүүчү деп табылды

Ноокат шайлоо округу боюнча Бакытбек Марипов жеңүүчү деп табылды. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү мындай чечимди бир добуштан кабыл алды.   Буга чейин аталган округ боюнча шайлоого катышкан айрым талапкерлердин арызынын негизинде добуштар кайра саналмай болгон. Ага ылайык, олуттуу мыйзам бузуулар аныкталбаганы кабарланды.   Эске салсак,… Кененирээк…

Аксы районунун Дейрес-Сай айылына жаңы көмөк чордон курулду

Аксы районунун Дейрес-Сай айылына жаңы көмөк чордон курулду. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, объект 35/10 кВты түзөт.   Дейрес-Сай айылына подстанция куруу маселеси өткөн жылы 15-16-декабрда өткөн II Элдик курултайда көтөрүлгөн.   Анын курулушуна «Кыргызстан улуттук электр тармактар» ААКтын өздүк эсебинен 16 млн сом бөлүнгөн.   Ушул… Кененирээк…

Жыл башынан бери сел сууларына байланышкан 250дөй өзгөчө кырдаал катталды

Жыл башынан бери Кыргызстанда сел сууларына байланышкан 250дөй өзгөчө кырдаал катталды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 85%га көп. 2023-жылы сел суулары менен байланышкан 36 өзгөчө кырдаал катталган.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм… Кененирээк…

Салык отчетторун автоматтык түрдө түзүү боюнча онлайн сервис ишке кирди

Салык отчетторун автоматтык түрдө түзүү боюнча онлайн сервис ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.   Сервисти колдонуу үчүн салык төлөөчүнүн кабинетиндеги «Е-отчеттор» бөлүмүнөн «Макулдашууну» түзүү керек. Документти түзүүдө отчеттун, иштин түрүн жана аймактык салык органын көрсөтүү керек.   Мындан тышкары, туура эмес маалыматтар боюнча… Кененирээк…

Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун I туру 15-июлда башталат

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун I туру 15-июлда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.   ЖОЖдорго гранттык негизде жана келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылды.   Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Кыргызстанда ЖОЖдорго кабыл алуудагы босого балл аныкталды

Кыргызстанда ЖОЖдорго кабыл алуудагы босого балл белгилүү болду. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, министрликтин 2024-2025-окуу жылында жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуудагы босого балл боюнча буйругу бекиди.   Ага ылайык, жогорку окуу жайларга гранттык негизде жана келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги… Кененирээк…

Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел коркунучу сакталууда

Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, мындай абал 12-июлга чейин сакталат.   Буга нөшөрлүү жаан-чачын жана туруксуз аба ырайы себеп болууда.   Ошондой эле дарыялардын деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Жарандарга арыктарды, суу түтүктөрүн жана дренаждык каналдарды тазалоо сунушталат.  … Кененирээк…