Лейлек районунун Лейлек айыл аймагында сел кесепеттерин жоюу иштери толугу менен аяктап, кырдаал турукташкандыгына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими алынды

Лейлек районунун Лейлек айыл аймагында сел кесепеттерин жоюу иштери толугу менен аяктап, кырдаал турукташкандыгына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими алынды.   Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Белгилеп кетсек, 24-июнда нөшөрлүү жаандан улам аталган айыл аймакта сел жүрүп, 26-июнда өзгөчө кырдаал режими жарыяланган болчу.

Кыргызстан Олимпиада оюндарына дагы бир лицензия ээледи

Кыргызстан Олимпиада оюндарына дагы бир лицензия ээледи. Мелдештерге катышуу квотасын Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курамасынын мүчөсү Елизавета Печерских алды.   Ал эркин стилде 50 метр аралыкка сүзүү боюнча күчүн сынайт. Учурга карата өлкө капчыгында 16 лицензия бар, алар күрөш, жеңил атлетика, сууда сүзүү, дзюдо жана… Кененирээк…

Бишкекте мектепти жалаң эң мыкты баалар менен аяктаган бүтүрүүчүлөргө өзгөчө үлгүдөгү атестаттар тапшырылды

Бишкекте мектепти жалаң эң мыкты баалар менен аяктаган бүтүрүүчүлөргө өзгөчө үлгүдөгү атестаттар тапшырылды.   Мэрия маалыматына ылайык, 45 окуучу “Алтын тамга” тестирлөөсүн ийгиликтүү тапшырып, өз билимин тастыктай алды.   Өзгөчө аттестат алгандардын арасында шаардык жана республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, сынактардын катышуучулары жана жеңүүчүлөрү бар.   Ушул… Кененирээк…

“Айыл чарбасын каржылоо — 12” долбоорунун алкагында 8 миңден ашык дыйкан жеңилдетилген насыя алды

“Айыл чарбасын каржылоо — 12” долбоорунун алкагында 8 миңден ашык дыйкан жеңилдетилген насыя алды.   Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан 3 миллиард сомдон ашык берилди. Каражат мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү тармактарын өнүктүрүүгө багытталат.   Ведомстводон эске салышкандай, долбоорду ишке ашырууга эки мамлекеттик банк катышат.… Кененирээк…

Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн

Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.   Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 7-июлга чейин Бишкек-Ош, Ош-Сары-Таш-Эркечтам, Бишкек-Балыкчы, Балыкчы-Бөкөнбаев, Талды-Суу-Арал жана Ош-Раззаков унаа жолдорунда сел жүрүшү мүмкүн.   Калк жана айдоочулар коопсуздук чараларын так сакташы керек. Кырсык болгон учурда 112 кызматына кайрылуу зарыл.   Ушул… Кененирээк…

Орто билим жөнүндө күбөлүк эми Tunduk тиркемесинде жеткиликтүү

“Түндүк” тиркемесинде жаңы санарип документ – жалпы орто билим жөнүндө аттестат пайда болду.   Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, ал кагаз түрүндөгүдөй эле юридикалык күчкө ээ. Аны ишке орношуу үчүн, ошондой эле билими тууралуу документти көрсөтүү зарыл болгон башка учурларда да колдонсо болот.   Белгилеп… Кененирээк…

Ноокат шайлоо округу боюнча беш тилкенин добуштары кайра саналат

Ноокат шайлоо округу боюнча беш тилкенин добуштары кайра саналат.   Айрым талапкерлер шайлоо күнү аталган райондо 30 мүнөт электр жарыгы өчүп калганын, бул шайлоо жыйынтыгына таасир этиши мүмкүн экенин айтып, Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылышкан. Анын натыйжасында беш участоктогу добуштарды кайра саноо чечими кабыл… Кененирээк…

Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапары менен барат

Садыр Жапаров 5-6-июлда Азербайжанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.   Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) мүчө өлкө башчыларынын бейформал саммитине катышат.   «Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жолугушуусунун темасы «Транспорт, байланыш жана климаттык… Кененирээк…

Таласта мыйзамсыз иштеген медресе жабылды

Талас облусунда «Маданият борбору» кайрымдуулук мекемесинин филиалына жамынып алып, диний окуу жайын мыйзамсыз иштетүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.   УКМК тарабынан диний-экстремисттик уюмдарга жана агымдарга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Талас облусунун Талас районундагы А.Огомбаев айылында мыйзамсыз… Кененирээк…

Мамлекеттик тил комиссиянын төрагасынын орун басары дайындалды

Канатбек Сейдалиев Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге Садыр Жапаров кол койду.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.