№5 бала бакчада жарым миллион сом мыйзамсыз менчиктелгени аныкталды

Биринчи Май районундагы №5 бала бакчада жарым миллион сом

мыйзамсыз менчиктелгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын

маалымат кызматы билдирет. Ага караганда, аталган сумманын ичинен

156 миң сому бакчада иштебеген белгисиз жаранга которулуп турган.

Натыйжада ал директордун бир тууганы экендиги аныкталды.

Мындан тышкары, 23 бөбөк электрондук кезексиз эле бакчага алынган,

алардын ата-энеси акчаны касса аркылуу эмес, тарбиячылардын колуна

берип жүргөн. Андан соң алар директорго тапшырып турушкан.

Аталган факты кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине

катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.