Калкты электрондук каттоо үчүн 54 миллион сомго планшеттер сатылып алынат.
Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Өлкө аймагында калкты жана
турак жай фондун каттоо ушул жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин жүргүзүлөт.
Эл каттоо 10 жылда бир жолу болуучу республикалык деңгээлдеги иш-чара.
Улуттук статистика комитети бул ишти «Инфокомдун» жардамы менен ишке ашырмакчы.