Апрель айындагы үшүктөн зыян тарткан дыйкандарга жардам көрсөтүлөт.
Учурда бул тууралуу өкмөткө сунуш киргизилип жатат, — деди,
Айыл чарба жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев. Анын айтымында,
үшүктүн кесепетинен зыян тарткандарга салыктан, насыядан, өкмөттөн алган
үрөндү кайтаруу жагынан жардам берүү каралып жатат. Эске салсак, көбүнчө
Жалал-Абад, Баткен, Ош жана Чүй облусунун агрардык тармагы жабыркады.
Алдын ала эсептөөлөр менен чыгым 300 миллион сомдон ашат.
Жеринде жарандык комиссия тактоо иштерин улантууда.