Түп районунда электр линиялары жаңыртылууда.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык,
Кичи-Өрүктү айылында узундугу 1 чакырым 200 метрди түзгөн жогорку
чыңалуудагы электр чубалгылары алмаштырылды. Ага катар жаңы
трансформатор да орнотулду. Муну менен жалпысынан
75 керектөөчү электр энергиясы менен камсыздалат.