“Алтын тамга” сертификатына быйыл 1 миң 240 бүтүрүүчү талапкер. Артыкчылык аттестаттары кандай эреже менен тапшырыла турганын Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова айтып берет.
“1240 талапкерибиз болуп атат. 13-июндан баштап 19-июнга чейин бардык облустук борборлордо Жалпы республикалык тестирлөөгө окшоп эле коопсуздукту сактап, тапшырылат. Тестти алар 4 предмет боюнча тапшырат. Ошол тестти тапшыраары менен жыйынтык дароо чыгарылат”
“Алтын тамга” сертификаты жалаң 5ке окуган бүтүрүүчүлөргө берилет, бирок окуучулар билимин тастыкташы керек.